2027-жылы Барскоон – Бедел унаа жолун курууга 17,7 миллиард сом каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин кеңейтилген жыйынында 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун тааныштырып жатып билдирди.
Анын айтымында, келерки жылы республикалык бюджет боюнча капиталдык чыгашалардын көлөмү 110,7 миллиард сомду түзөт. Анын 80,7 миллиард сомдон ашыгы ички булактардын эсебинен каржыланат.
Мындан тышкары, социалдык объекттерди курууга, калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоого, ирригацияга жана инфраструктуралык иштерге 10 миллиард сом каралган.
Ошондой эле ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого субсидия түрүндө 5,3 миллиард сом бөлүү пландалууда. Жергиликтүү бюджеттерге трансферт катары 19,4 миллиард сом, үлүштүк грант түрүндө 1,8 миллиард сом каралган.
Мындан сырткары, бааларды турукташтырууга 5 миллиард сом жана Турукташтыруу фондуна 20 миллиард сом бөлүү каралган.