Биз социалдык тармакта

Стамбулда мекендешин бычактоого шектелген кыргызстандык жаран кармалды (видео)

Стамбул шаарында мекендешин өлтүрүүгө шектелген аял Түркиянын күч органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Чыңгыз Токтобеков билдирди.

"Аталган окуя Тышкы иштер министрлигинин, Стамбулдагы башкы консулдуктун жана Анкарадагы элчиликтин көзөмөлүндө болду. Башкы консулдуктун кызматкерлери маркумдун туугандарын тосуп алып, сөөгүн "Жүк-200" аркылуу Кыргызстанга жөнөтүүгө көмөгүн көрсөтүштү",- деди Токтобеков.

Эскерте кетсек, 5-ноябрда Стамбул шаарында кыргызстандык эки жарандын ортосунда чыр чыгып, анын кесепетинен 35 жаштагы аял бычактан жаракат алып, каза болду. Ал эми кылмышка шектүү катары 32 жаштагы аял киши кармалды.

Стамбулда мекендешин бычактоого шектелген кыргызстандык кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан