Астротөлгө: 15-октябрда төрөлгөн адамдар карьерасын бат куруп кетүүгө жөндөмдүү келишеби?

15-октябрь күнү төрөлгөн адамдар ачык-айрым, мамилечил адамдар болушат. Алар айланасындагы адамдар менен бат тил табышып ар дайым шайыр болгонго аракет кылышат. Ошол эле учурда булар коомдогу ордун абдан жакшы билишет. Булар үчүн айланасындагы адамдардын көңүл буруусу абдан маанилүү.

Бул күнү төрөлгөн адамдар достук мамиледе да, жумушта да, жеке мамиледе да ортодогу аралыкты сактоону билишет. Алар ар бир адам менен кандай мамиле түзүүнү жакшы өздөштүрүшкөн. Досторун кандай кырдаал болбосун алып чыгып кетүүгө даяр болушат. Булардын мындай мамилеси узак мамиле түзүүгө өбөлгө болот.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар кайсы кесипти тандабасын иштеп кетүүгө жөндөмдүү болушат. Ошондой эле тандаган кесибинин арты менен кадыр-баркка ээ болушат. Булар карьерасын бат эле куруп кетүүгө жөндөмдүү келишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан