Астротөлгө: 2-июнь күнү төрөлгөндөр турмуштун сыноосун жеңип кетеби?

2-июнь күнү замандын агымына жараша ой жүгүрткөн, мамилечил адамдар төрөлөт. Жогорку билимдүү, бардык темада сөз козгой алышат. Коомдо кандай окуялар болуп жатканына кызыгып, кабардар болуп турат. Көпчүлүк учурда туура же туура эмес маалыматтарды ылгабай айтып алышат. Мындан улам алар жалган маалымат таратуучу болуп калат.

Ушул күнү жашоосундагы сыноолорду жеңе алган, маселелерди оңой чечкен эгиздер жарыкка келет. Алар үчүн ар бир күн, ар бир саат - бул күрөш. Бир ордунда турбаган, түрдүү долбоорлордун үстүндө иштеп, көп кырдуу болууга аракет кылат. Эгерде баштаган иши ийгиликсиз болуп жоготууларга, чыгым болууга алып келсе кайгырбайт, кейибейт. Анткени күчтүүлүк, туруктуулук жана марттык сапатты табият ушул адамдарга берген. Алар ийгиликсиз иштеринен, кетирген катасынан сабак алышат. Мындай асыл сапаттары менен бийиктикке бат эле жетери талашсыз.
2 санынын алдында төрөлгөндөр жан шериги менен бат-баттан талашып, тартышып турат. Эмоцияга бат алдырып, көп убактысын жалгыз өткөрүп калат. Жоопкерчиликтүү, талапчыл адамдарды жогору баалайт. Сүйгөн адамы үчүн максаттарын, жадакалса өздөрүн дагы курмандыкка чалгандан кайра тартпайт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан