Астротөлгө: 24-мартта төрөлгөндөр ишенимдүү, жоопкерчиликтүү адамдарды баалашабы?

24-март күнү төрөлгөн адамдар эркиндикти жактырышат. Алар бош отурууну жактырышпайт, ар дайым кыймылда жүрүүнү каалашат. Булар досторунун болобу же кесиптештеринин арасынан болобу ишенимдүү, жоопкерчиликтүү, өз ишин мыкты билген адамдарды абдан баалашат. Ошол себептен өзү да ар дайым жоопкерчиликтүү болууга аракет кылат.

Ал эми эмгекчил, карьерасын өнүктүрүүнү каалагандыктан жасап жаткан ишинин үзүрүн көрүп ийгилик жаратмайынча жаны жай албайт. Кандай оор кырдаал болбосун бардык тоскоолдуктарды жеңип чыгууга даяр.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар эркин жүрүүнү жактыргандыктан эркиндиги чектелип калуусун каалашпайт. Мына ушундай сапатынан улам сүйүүгө кеч кабылышат. Булар карьерасын түптөп алгандан кийин гана бир адам менен мамиле түзүүгө бел байлайт. Эгерде өзүнө ылайыктуу, ишенимдүү өнөктөш жолуктурса, анда бийик максаттарга чогуу жетүүгө аракет кылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан