Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 115-орундан 74-орунга чейин көтөрүлүшү мүмкүн

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы алдын ала божомолдор боюнча ФИФАнын жаңыланган рейтингинде Кыргыз тарыхындагы эң жогорку көрсөткүчкө жетет.

Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде мурунку көрсөткүчкө караганда 41 позицияга көтөрүлүп, 74-орунду ээлеши мүмкүн. Март айында Кыргыз курама командасы 2 беттеш өткөрүп жеңишке жетти. 22-мартта Түштүк Кореянын Инчон шаарында Мьянма менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңип алса, кечээ, 27-мартта Бишкек шаарында Индия менен беттешип, 2:1 эсебинде жеңип алды.

Бул жеңиштердин жыйынтыгында, Кыргыз курама командасы 424 упай топтоп, ФИФАнын рейтингинде божомолдуу 74-орунга көтөрүлөт. Мындай көрсөткүч менен Кыргыз курамасы айдын эң мыкты командасы аталышы мүмкүн. Ал эми, Азия өлкөлөрүнүн арасында Кыргыз курамасы 7-орунду ээлеп Бириккен Араб Эмираттары, Сирия жана Ливан курама командаларынан ашып өтмөкчү.

Айта кетсек, ФИФАнын март айында жарыяланган рейтингинде Кыргыз курама командасы 115-орунга ээ болгон.

ФИФАнын жаңыланган рейтинги 12-апрелде жарыяланат.

ФИФАнын рейтингинде алдынкы 10 курама команда

Азия өлкөлөрүнүн арасындагы ФИФАнын рейтинги:

Кыргыз-Индия беттеши: Футбол боюнча улуттук курам тарыхый жеңишти алып келди
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
a.sheralievic.91
2018-03-28 17:36:45
Оюн өтө сапаттуу
Ийгилик
-1
nurgaz
2018-03-28 17:42:49
А группадан биринчи орунга чыкканы жакшы болду.
+2
Isco23
2018-03-28 19:19:35
nurgaz,1 эмес 2чи болуп чыкты тилекке каршы
-5
nishantashmativa
2018-03-28 20:39:22
Isco23,Биринчи болуп чыкты... Маалыматын так эмес экен...
+2
nishantashmativa
2018-03-28 20:41:43
Isco23, 1-чи орун м.н чыкты
+3
nishantashmativa
2018-03-28 20:44:15
Isco23,кечиресин оа 2-орун м.н чыгып калдык... Анткени алар бизге конокто гол киргизип кетиштида
-4
Isco23
2018-03-29 00:30:52
nishantashmativa,анда билсен неге малыматын так эмес экен деп атасын
-4
aksy94
2018-03-28 19:40:03
Админ озбекистандан алдвдабызбы ошол тууралуу кабар берип койгулачы
-5
Isco23
2018-03-28 20:37:40
aksy94,алдыда эмессин
-2
Bekboloooot
2018-03-28 21:41:58
aksy94, өзбектер алдында 72 орунда болчу март айында.

Алдындагы жыйынтыкы эми көрөбүз буйруса.
-2
vabank
2018-03-29 17:34:13
Bekboloooot, Алар Артка кетет.
0
vabank
2018-03-29 17:37:27
Bekboloooot, Азияда 14-орунга тушот Өзбекстан
0
vabank
2018-03-29 17:33:43
aksy94, алдыдабыз...
0
FCBMESSI
2018-03-28 21:43:48
Кыргызстан А тайпасында 2-орун болуп чыкты
-4
Ka4okrys
2018-03-28 21:51:10
А тайпадан бир менен чыктыго
+2
Ka4okrys
2018-03-28 21:51:31
Интернетте жүрөт
+3
anonymous
2018-03-28 21:57:26
Афк сайтында 1- местада турат Кыргызстан (кыргыз жери) ))
+2
ulanbek2000
2018-03-28 22:12:46
А тайпасында Кыргызстан биринчи орунда жпзылып турат. Козду чон ачып карасанар.
Олкобуздо футболго аябай жакшы конул бурулуп жатат. Азаматсынар жигиттер. Силерге ийгилик.
+4
King_Messi
2018-03-28 22:43:24
Бардак сайттарда биринчи места болуп журотко
+4
make2
2018-03-29 00:54:22
Россиянын жаңылыктарынан окудум 1-места ойлонбогула 11111
+4
LadyB
2018-03-29 01:06:02
очень круто, молодцы, суппер игра. и 120 000долларов приличная сумма-молодцы что так поддерживают за победу.суппер
-2
Samat777
2018-03-29 01:39:48
Кыргызстан жаңы рейтинг боюнча 47 орун. Ураааа. Сүйүнчү туугандар сүйүнүп бүгүн эс алып жүрөбүз. Кыргызстан алгаааа
-3
surgeon777
2018-03-29 05:35:12
Samat777,74ту 47 деп коруп албадынбы ыя?)))))
+1
Rasul94
2018-03-29 20:05:06
Англия алдынкы 10 дукка кирбейт экен да.
футбол мекени
0
Chortonbai
2018-03-29 22:41:17
93 болот
0
Boobek_5
2018-03-30 15:16:16
Жаңы рейтинг качан чыгат?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан