Ош облусунда жол кырсыгынан 15 адам жабыркаган. Алардын ичинен экөө өспүрүмдөр. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 14-октябрда саат 14:30 чамасында Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылында болгон.
"Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү кичи автобустун айдоочусу 56 жаштагы Б.К. Мырзаке айылына жүргүнчүлөрдү ташып бара жаткан. Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Шералы айылына жеткенде каршы багыттагы Фольскваген Поло үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп кеткен. Ал унааны 27 жаштагы Т.К. башкарып бара жаткан. Кырсыктан улам эки унаанын айдоочулары жана жүргүнчүлөр ар кандай жаракаттарды алышкан. Алар Өзгөн райондук ооруканасына жеткирилип, алгачкы текшерүүдөн соң үйлөрүнө кайтышкан. Ал эми бир айдоочу ооруканага жаткырылды", - деп билдирет Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү. Учурда бул окуя боюнча Өзгөн РИИБи териштирүү иштерин баштаган.