Астротөлгө: 16-октябрда төрөлгөн адамдар достукту баалай билген, калыс адамдар болушабы?

16-октябрда төрөлгөн адамдар достукка бекем, оптимист болушат. Бул күнү жарыкка келген адамдар аябай шайыр, достукту баалаган, берешен болушат. Андыктан булар менен дос болуудан коркпой эле койсоңуз болот.

Жеке мамиледе абдан туруктуу келет. Эгер сиз бактылуу болом десеңиз ушул күнү төрөлгөн адамдар менен мамиле курсаңыз сөзсүз бактылуу болосуз. Булар жакын адамдарына жан дүйнөсүн ачып ушундай бир жылуулук тартуулашат.

Ушул күнү жарыкка келген адамдар ак көңүл болушкандыктан кандай жумуш болсо да иштеп кете алат. Булардан көбүнчө билимге ыктаган адамдар ийгилик жарата алышат. Бул күнү төрөлгөндөр юрист, медицина тармагында иштесе жаңылышпайт. Ошондой эле булар калыс, эки жакты бирдей караган адамдар болушат. Достук мамиле булар үчүн ар дайым биринчи орунда турат, ошону менен бирге бардык адамдарга бирдей мамиле кылышат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан