24-июнь күнү төрөлгөн бөйөндөр кыялкеч, жумушуна берилген, коомго пайда алып келүүнү көздөгөн адамдар болушат. Активдүү, талыкпаган эмгеги менен бийик максаттарга жетет. Карьерасында ийгиликтер орун алат. Ушул күнү жарыкка келгендер өздөрү эңсейгендей жашоого жете алат. Кыялдары ишке ашпай калса, алар башын ылдый салбастан кайрадан аракет кылып көздөгөнүнө жетет.
Тобокелчиликке бара билүү - бул күнү төрөлгөндөрдүн эң башкы сапаты. Чечен болгондуктан оюн так жана туура түшүндүрө билишет. Көбүнчө устат, насаатчы болгонду жактырышат. Дайыма өзүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүүдөн баш тартышпайт.
24 санынын алдында төрөлгөндөр үчүн колунан келбей турган эч нерсе жок. Алардын баатыр мүнөзү, дайыма көтөрүңкү маанайы бардык тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет. Бирок бул күнү төрөлгөн бөйөндөр өздөрүн жогору баалап, ийгиликтер менен жетишкендиктерди күнүмдүк нерсе катары кабыл алганы кээ бир учурларда аларга зыянын тийгизбей койбойт.