Футбол дарбазасы кулап каза болгон 11 жаштагы баланын окуясы боюнча аянтчанын ээси пикирин билдирди

Дарбаза кулап каза болгон 11 жаштагы баланын окуясы боюнча айыпталып жаткан аянтчанын ээси SUPER.KG порталына өз пикирин айтып берди. Анын айтымында, каза болгон бала аянтчага тыюу салынганына карабай кирип кеткен.

"Кырсык болгон учур жазылып калган байкоочу камерадан көргөнүмдү айтып берейин. Окуя кечки саат 7лер чамасында болгон. Футболдук аянтчанын жанында кафебиз жана намазкана бар. Администратор аянтчаны да, кафени да карайт. Ал дүкөнгө бара жатып эки баланын келе жатканын көрүп, аларга кирүүгө болбосун айтат. Балдар макул болуп артка басымыш болуп, администратор дүкөнгө кирип кеткенде кайра аянтчага кирип кетишет. Ал жактагы жашы улуу балдарга кошулуп ойноп жатканда дарбаза кулап, балдардын бирин басып калган.

Мунун негизинде мага карата "коопсуздук эрежелерине жооп бербеген товар өндүрүү же сатуу, кызмат көрсөтүү" беренеси менен айып тагууну суранып жатышат. Мен каршымын. Анткени мен аларга кызмат көрсөткөн эмесмин. Балдар аянтчасына кирүүгө тыюу салынганына карабастан өздөрү кирип кетишкен. Бул жерде балдарын көзөмөлгө албаган ата-эненин да жоопкерчилиги бар" , - деди аянтчанын ээси.

Белгилей кетсек, 13-июнь күнү Бишкек шаарында футбол талаасында орнотулган дарбаза баланы басып калган. Бала алган жаракаттарынан улам көз жумган.

Бүгүн, 18-октябрда Ленин райондук сотунда футбол талаасында дарбаза басып каза болгон 11 жаштагы баланын иши боюнча сот отуруму өтүп, кийинки отурум 26-октябрга белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан