Ни Хао, бизге жакшылык буюрбайбы?

"Бир эле сыйыртмак менен согуштан жеңе албайсың" аталышындагы SUPER.KG басылмасына жакын арада чыккан макала мени тоо-кен тармагындагы саясий-экономикалык маселелерге, ошону менен катар ага карата биздин улуу урматтуу коңшуларыбыздын өтө күчтүү таасири тууралуу өзүмдүн жеке ой жүгүртүшүмө түрттү. Менимче, мурда сөз бергендей эле, бул тема боюнча өзүнчө кеп козгоого мезгил келип жетти.

Дароо эле айтып койгум келет: мени улутчулдукка, шовинизмге, расизмге, жана башка бир "измдерге" күнөөлөөнүн кереги жок. Жеке эч нерсе жок, голливуд тасмаларында айтылгандай, "бирөөнүн маңдайына ок атуу" жок, бир гана бизнес.

Айтмакчы, бизнес жөнүндө: бизнес – бул акча, акча – бул таасир, а качан мамлекеттик таасир жөнүндө сөз болгондо анда бул акча, саясат, жана геосаясат. Таасирленткен жетишкендиктерине болгон кубанычым менен көктөгү улуу державага чын дилимден ызат кылам, ошентсе да, келгилечи, бул держава керт башын ойлобойт деп момундук кылып ишенбей эле коёлучу. Кытай бардык жерде, дүйнө жүзүндө эпчил, биздин өлкө – бөтөнчө эмес. Улуу державанын кандай максаттары бар, башкача айтканда, Кытайдын улуу державалык максаттары Кыргызстанда да ээрчип жүрөбү?

Биз кичинекейбиз, а кытайча чен менен аймактык жактан тырмактай эле тоолуу өлкө, экономикалык жагын салыштырбай эле коёлу. А географиялык жактан алып караганда биз түзүк эле көрүнөбүз, тактап айтканда, олуттуу адамдар ойноп жаткан карта оюнунда көзүр сыяктуу, геосаясаттык жагымдуу толуктоо боло алат. Анткени эгер эч кандай үстөмдүк болбосо, алдыда дүйнөлүк башкаруу турат. Суроо - бул оюнда бизге кандай роль даярдалган: биз өз алдыбызча оюнда өз партиябызды ойной алабызбы (бул кыйын, бирок жасаса болот) же болбосо биз үчүн чечип койгондор биздин үстүбүздөн башкарабы?

Келгиле, мага каршы сүйлөгөн, айтышып тең ата болуп, "сиз бул жерде акылдуусунуп, үрөйдү учуруп эмнени айтып жатасыз байкебай" деген болжолдуу оппонентимди элестетип көрөлү.

Сиз бул жерде тууган мамлекеттин принципиалдуу гана туугандык жардам кылуусун эске албастан, анын саясий жана экономикалык таасирин жайылтууну максат кылууда дегиңиз келип жатабы?

Келгиле, эки жүздүү болуп жана өзүбүздү өзүбүз алдабай эле коёлучу: ооба, туура, Кытай биздин бир тууган, бирок ал бир тууган атабыз да, чоң атабыз да боло алгыдай улуу. Мындай улуулукка кыңк этпестен баш ийүүгө арга жок деген ой келет.

Мага каршы сүйлөп, менин тымызын кыйытуума каршы пикирлерди айткандар ири мамлекеттердин майда мамлекеттерге карата кошуналык боорукердигин (экономикалык, саясий) мисал келтиришет.

Германия менен Люксембургду алалы же болбосо ошол эле Лихтенштейн. Ооба, чындыгында бул мамлекеттер көптөгөн конфликттер жана согуштарды башынан өткөрүштү, керемет мамилелерди түзүүнү шарттайт, бирок биздин окуя башка. Биз согушууну каалаган жокпуз, согуша да албайбыз жана согушалы деген деле жокпуз. Бул жөнүндө айтуу орунсуз. А л эми экономикалык кылтакка болсо оңой эле түшүп калуубуз мүмкүн!

Буга чейин да бул темадагы макалаларда бир нече ирет айтылгандай, биздин мамлекеттик карызыбыздын жарымы эле Кытайдан алынган. Биз үчүн бул ири суммадагы карыз, аны төлөй турган эч нерсе жок. Жерлерибизби? Ичиң ачышат. Же жер алдыбы? Ансыз деле карыз үчүн бербесек дагы инвестиция иретинде көпчүлүгүн берип койдук го? Көпчүлүгүнө кытайлар ээлик кылат, а Кытайда мамлекеттин макулдугусуз эч нерсе жасалбайт, ал эми мамлекет жөн жерден аракет кылбайт. Бул тизмеге Кумтөрдү да кошууну ойлонуулары мүмкүн, мындайды ойлонууга бизде акылдуу баштар бар. А эмне экен, бул жагымдуу нерсе да, "Центерра" менен болгон тартыштын баарын бир эле чечесиң, анан мамлекеттик карыздарды да жөнгө салууга шарт түзүлүшү ыктымал. Бизге канадалык "Центерранын" тизелеткени аз келип жатабы, бийликке таасирин тийгизгиси келип, өндүрүштү төмөндөтүп, бийликтен бир нерсени үмүттөнүп, мисалы, стратегиялык макулдашууга уруксат алуу үчүн өндүрүштүн өсүшүн убадалап жатат. Биз Кытайды Кумтөргө да коё берүүнү ойлонуп көрөлү, эмне болот? Анда баары бүтөт.

Эч ким тана албайт, өлкөгө акча өтө керек, бирок карыздын тузагына өз каалоосу менен түшүп берүү – бул өтө талаш жараткан келечек, өз милдеттеринин алдындагы жөндөмсүздүккө, мамлекеттин кулашына жана суверенитетти жоготууга чейин алып келген жол болуп калат. Карызды төлөгөнгө эч нерсе жок болсо баарын берет, жонундагы акыркы көйнөгүн чечип берүүгө да аргасыз болот. Карызы үчүн аялын, бала-чакасын алдырып койгон заман деле алыс болгон эмес.

Мага кызык болуп жатат, Кыргызстандын башына ушул абал келип калышына маани бербеген мамлекеттик деңгээлдеги чечимдерди кабыл алгандар өзүнүн аялынан жана бала-чакасынан ушундай жол менен кол жууп калгылары келеби? Бирок мен үчүн чечим кабыл алуунун кереги жок, мен аялымды жакшы көрөм жана балдарым мен үчүн дүйнөдө баарынан кымбат!

Коңшулар менен этият болуш керек. Улуу өлкөлөр менен бөтөнчө. Балким, биздин урматтуу бийлик мени бактылуу кылуунун башка жолдорун ойлоор.

Эгерде башка бирөөнүн карыз тузагына түшүп бергендин ордуна биздин экономиканы көтөрсө, өзүбүздүн суверенитет менен карыз төлөөнүн ордуна башка жолдорду тапса, бийликке эки эсе ыраазы болот элем. Буга биздин балдар, бизден кийинки муун дагы ыраазы болот эле.

Автор: Көз карандысыз эксперт И.Жаныбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baisogur
2018-10-19 14:28:36
Туура айтылган журоктон чыкан чокмор создор,Кыргызым ойгонолу.
+1
i1urp
2018-10-19 14:33:24
Эн туура жазылыптыр. Кандай гана меселе болбосун аны эксперттик денгелде жана ар бир адамдын оюн эске алыш керек. Бизде бир молдо же башкасы бир соз суйлоп койсо, жалпы 6 млн кыргыз эли суйлоп жаткандай кабыл алышат. Мисалы Чубак Жалилов деле бир суйлогон созу жалпы элдин оюн билдирбейт да. Кыргызстанда ар бир адамдын оюн эске алуу керек. Эксперттердин, мугалимдердин, врачтардын, милициялардын дегеле баардык тармактагы адамдардын оюн эске ала журуш керек. Анан ошого жараша бийлик чечим чыгарса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан