Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева кабарлады.

Маалыматка караганда, Москвада өткөн Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан соң, Алмазбек Атамбаев баш болгон КСДП партиясынын делегациясы Бишкекке келди.

Айта кетсек, 22-октябрда Алмазбек Атамбаевдин Орусияга кеткени белгилүү болгон. Мурдагы президент бир тууган жеңеси Шаршенованын көзү өтүп кеткенине байланыштуу Санкт-Петербург шаарына барып, акыркы сапарга узатуу зыйнатына катыша тургандыгы кабарланган. Ал эми 24-27-октябрда Москва шаарында өтө турчу Азия, Африка өлкөлөрүнүн саясий партияларынын ассамблеясына катышкан.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (53)
eldar96
2018-10-28 16:47:15
Кыйратыптыр
-4
aydinnur
2018-10-28 17:06:25
Экс ажобуз эр экен, бир да тууганы аралашкан жок ..а азырчы,жалаң куда сөөк, күйөө балдар.. Дагы кудайга шүгүр бандиттер гана аралашпаганы менен болгон айырмасы Бакиевдик бандиттик замандан..
-1
gulmi
2018-10-28 18:24:26
aydinnur,Зато шоопуру,жансакчысы,партиялаштары бийликке,маанилуу кызматтарга келишти. Айырмасы канча?
-1
talaa11
2018-10-28 18:06:53
Текебаевти кармагандай кылып озунда Аеропорттон камака алганда жакшы болмок
+4
Aikaaaa
2018-10-28 18:47:47
talaa11,колдорунан келбейт, духу да жетпейт. Атамбаев айттыбы кылат. Башка бирөө болсо ошо боюнча куйругун түйүп жоголмок,ошондон аары. Арты таза, корко турган эчтекеси жок. Келем дедиби келди, куулук, шумдугу жок
+3
Дарыгер
2018-10-28 18:11:44
Келишин куткон деле эмеспиз. Баарынан жогу. Кыргызстанга мындай куру жарандын кереги жок
+1
titanik32
2018-10-28 18:54:16
Бул эмнеге кайтып келди экен,бул жөн келбейт,бул дагы бир нерсени пландаштырып сүйлөшүп келди да.Ушул келбей койсо жакшы эле болмок элибиз тынч аман болмок.Муну камаш керек келип алса.
-3
RaHat19
2018-10-28 19:52:02
атамбаев саясаты туура болчу мындан мурунку президентер эмне кылып койду атамбаевдин эмгегин баалайлы.Эч корко турган нерсеси жок
+3
Nuri1988Elim2010
2018-10-28 20:33:50
RaHat19,Козго корунгон эмне мээнет кылды.Карапайым Эл колдобойтда,баалабайтда эч качан.
0
Benazir08
2018-10-29 10:48:46
RaHat19,Бакиев эле жакшы ажо болду
0
Stels
2018-10-28 20:27:09
Ушул оозуна алы жетпеген кыргыз элин 6жыл башкарды тобо!!! Аркасынан дагы алты жыл куурайт окшоп калдык,ушул АШАнардын айынан. Башкасы келет эле бул болбосо.
-2
Baku88
2018-10-28 21:28:08
Анан эмне деп ойлодунар эле?
+1
Akshumkar
2018-10-29 02:05:31
Алмазбек Шаршенович эч кимден коркпойт анткени ал таза. кемчилик кеткен арасында жургон крысалардан. Ииии тилегинер таш каптыбы анча мынча журналистер хаа.
+4
Bazake
2018-10-29 09:39:26
Akshumkar,Ыплас АШАны мактаба!
-1
Hurem
2018-10-29 09:08:12
Карап отурсан, азыркы заманда ким таза иштеп жатат. Жалгыз эле баарын АША жегендей суйлоптурсунор го. Жээнбеков жакшы иштеп жатабы? Бир кудай билет эмнени жеп эмне саясат жургузуп жатканын. Кандай болгон кундо да ишин тапшырып берип кетти. Жаманбы, жакшыбы иштеп кетти. Идеалдуу адам жок. Жээнбековду Жээнбеков кылгын АША
+2
Bazake
2018-10-29 09:40:00
Hurem,Жээнбеков жакшы иштегени үчүн өлкө өнүгүү жолуна түшүп, кол тийгис уурулар четинен камалып жатат
-4
Erik2018
2018-10-29 10:11:56
АШАга караганда жакшы иштеп жатат. Атамбаев жеп ичкен кадрларды таптагандан башка колунан эч нерсе келбеди. Дагы шоопурди бийликти берип койду. Кыргызстанды шоопур башкарды деген эмне шумдук.
-2
Benazir08
2018-10-29 10:46:19
Ырас эми кудай буйруп койгон экен ажо болду анан кийин жонокой эле адамдар менен аралашып карапайым эле бп журуш бизге жарашпайбы? Мнеге эле мындай эл экенбиз а тарыхта онукпойбуз го тарызтан эле келе жатат жерлерди тарттырып кичирейип эле келатабыз. Илгери Фергана ороону бизге карачу экен, анар Каркыра жайлоосу тегеле чекесинен эле кирип келатышат го кошуна мамлекеттер.
-1
Benazir08
2018-10-29 10:49:49
Биз суйлрп куйуп бышсак эле баары онолуп кетчудой болбой отуралы коментщиктер.... Элдин унун уккан эчким жок алар камалып биросу олкого кире албай журот ал Мелис Мырзакматов
-1
kalima88
2018-10-29 11:24:26
Кызык
0
tursunbaev78
2018-10-29 12:47:08
Кетеби,келеби кызыгы жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан