Боорун алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен Мээргүл Анарбек кызына эртең, 1-ноябрда операция жасалат. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда SUPER.KG порталына "Ак ниет - Аманат" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.
Буга чейин Мээргүл Анарбек кызынын абалы туруктуу болбой операция жасалбай жаткандыгы маалымдалган.
"Бейтаптын акыркы анализдеринин жыйынтыгы жакшы чыгып, ал операцияга даярданууда. Ал буга чейин башка клиникада болчу, бирок аталган клиникада ага тийиштүү көңүл бурулбай жана операция кечиктирилгендиктен, Мээргүл башка клиникага которулган. Ал жакта дагы бир жолу дарыгерлердин көзөмөлүнөн өттү. Эми операцияга кирүү алдында турат. Операция ийгиликтүү өтүп мекендешибиз сакайып кетет деген үмүттөбүз", - дейт Сапарбаев.