Боорун алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен Мээргүл Анарбек кызынын абалы оорлошуп операция белгисиз мөөнөткө жылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда SUPER.KG порталына "Ак ниет" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер операцияны 23-октябрга белгилешкен, бирок бейтаптын абалы туруктуу болбогондуктан операция белгисиз мөөнөткө жылдырылды.
"Мээргүлдүн абалы туруктуу болбой жаткандыктан дарыгерлер операцияны жылдырышты. Алардын айтымында, кыздын оорудан боору гана эмес, кан тамырлары да жабыркаган. Буга байланыштуу ага узак убакытка созулган, оор операция жасалат. Азыркы тапта бейтаптын денесин шишик басып, кан басымы туруктуу болбой жатыптыр", - дейт Сапарбаев.
Кайрымдуу, кайдыгер эмес жарандар Мээргүлгө жардам берүүнү чечсе байланышуу үчүн телефондор: 0772 27 84 37 (Мээргүл), 0776 27 51 69 (Шаангүл Таштанбекова).
0772 27 84 37 (ЭлСом)
Сбербанк: 639002709003435079
Демирбанк: 4172210079599915