Куткаруучулар Индонезияда кулаган учактагы 105 адамдын жансыз денесин алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, азыркы учурда учактагы 105 адамдын сөөгү табылып, 7 адамдын гана аты-жөнү аныкталды. Буга байланыштуу Индонезия бийлиги издөө иштерин дагы 3 күнгө узартуу чечимин чыгарды.
Учактагы эки "кара кутунун" бири табылып, экинчисин издөө иштери улантылып жатат. Табылган "кара куту" сынык абалда болгону менен андагы маалыматтарды алууга мүмкүн экени жана мунун үстүнөн индонезиялык эксперттер иш алып барып жатканы белгилүү болду.
Эскерте кетсек, 29-октябрь күнү Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 05:30 чамасында Жакарта шаарынан Панкалпинанг аралына багыт алган учак Ява деңизине кулаганы кабарланган. Учакта 182 жүргүнчү жана 7 экипаж кызматкери болгону жана алардын арасынан аман калгандар жок экени маалымдалган.