20-март күнү төрөлгөн адамдар таланттуу, чыгармачылыкка жакын болушат. Кандай чөйрөдө болбосун өзүнө ишенимдүү жүрүшөт. Алар бирөөнүн жардамысыз эле өзү чечим чыгара алышат. Алдына койгон максатына жете билүүгө дайыма тырышып, кыйынчылыктын баарын жеңе алышат.
Алар ачык-айрым, бардык жактан активдүү болгондуктан адамдар менен оңой тил табышып, кандай чөйрө болсо да иштеп кете алышат. Ошондой эле чечкиндүү болгондуктан көпкө ойлонбой туруп чечим чыгарууну жактырышат. Карьерасын бат эле өнүктүрүп, ийгиликтерди багынта алат.
Жеке мамиледе шайыр, ак ниеттүү, ошону менен катар туруктуу жана ишенимдүү өнөктөш болууга аракет кылышат.