Астротөлгө: 29-май күнү төрөлгөндөр оратор болушабы?

Бул күнү сулуу келбети менен өзүнө тарткан, көп сүйлөгөн, акылы курч, тамашакөй адамдар төрөлөт. Алар ийкемдүү болуп бардык ишти жайгарып кетүүгө, бейтааныш адамдардын тилин оңой табууга эптүү болушат. Сөз байлыгы кенен, табиятынан мыкты оратор болгондуктан, алар менен эч токтоосуз эле сүйлөшкүң келе берет.

Баса, 29-майда төрөлгөн эгиздер татаал нерселерди жөнөкөйлөтүп, көпчүлүккө жеңил кылып бере алат. Жаңычылдыкты жактырат. Бирок каада-салтка, ырым-жырымга маани берет. Карама-каршылыктарга тик карап, адилеттүүлүк үчүн күрөшөт. Башкалардын ой-пикирин сыйлаган, дайыма элдешүүнүн жолун издеген, айтылган сындарга сынбаган күчтүү адамар болушат.

Байлык, бийликке умтулбаганы менен, оңой эле олжолуу болушат. Ушул күнү төрөлгөн эгиздер табиятынан ачуулуу келет. Ал эми пикир келишпестик орун алса, акылга салып, муш менен эмес, сөз менен чыгып кетишет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан