Бүгүн, 7-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Мамлекеттик салык кызматы 2017-жылдын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин көрсөткөн декларацияларын жарыялай баштады. Президент Сооронбай Жээнбековдун декларациясында көрсөтүлгөн мүлктөрүндө автоунаасы жок деп жазылган. Анын МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар экени көрсөтүлгөн. Мындан сырткары мамлекет башчы 160 чарчы метрлик үйгө, 60 чарчы метрлик дачага жана 61,45 гектар жерге барабар болгон айыл чарба багытындагы 4 жер тилкесине ээ экендиги жазылган. Ал 2017-жылы 891 миң сомго жакын киреше таап, чыгаша тартпаганын көрсөткөн. Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков былтыр 769 миң 781 сом киреше таап, чыгаша тарткан эмес. Ал декларациясында 59,5 чарчы метрлик батир үйү бар экенин көрсөткөн. Ал эми автоунаасы бар же жок экени көрсөтүлгөн эмес. Ошол эле учурда жылдык кирешеси жагынан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынан да ашып өттү. Анын 2017-жылдагы кирешеси 2 миллион 367 миң 986 сомго барабар.Чыгаша тартпаганы көрсөтүлгөн. Мындан тышкары 1 миллион 850 миң сомдук жылкысы, 640 миң сомдук ири мүйүздүү малы жана 1 миллион 676 миң сомдук жандыгы бар. Абылгазиевдин жакын туугандары 278,5 чарчы метрлик үйгө ээлик кылары көрсөтүлгөн. Өкмөт башчынын дагы автоунаасы бар же жок экени көрсөтүлгөн эмес.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом киреше тапкан. Анын чыгашасынын эсеби 77 миллион сомду түзгөн. Атамбаев аянты 6,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесине, 2,7 гектар жер тилкесине курулуп жаткан 116 чарчы метр имаратка ээ. Атамбаевдин бардык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү уулу Сейитбек Атамбаевге катталган.
Президент Сооронбай Жээнбеков быйыл июнь айында президенттик аппараттын, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин, сот жана укук коргоо органдарынын декларациялары текшериле турганын айткан. Бул коррупцияга каршы кадамдын олуттуу компоненти экенин билдирген.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Теңизбек Абжапаров декларацияда такталбаган же толук эмес маалыматтар аныкталса, юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүп бериле турганын июнь айынын аягында маалымат жыйында айткан.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев декларациясында күмөндүү жагдайлар бар болгон кызмат адамдарынын аты-жөнү жыл аягына чейин жарыялана турганын билдирген. Сагынбаев айрым адамдардын декларациясы менен мүлкү шайкеш келбеген жагдайлар аныкталганын жана кийинчерээк ал адамдардын аттары атала турганын белгилеген. Мүлктөрүн жашыргандар жазаланып, материал прокуратурага жөнөтүлүп, кылмыш иши козголо турганын айткан. Бирок азырынча алардын аттары аталып, жазалана элек.
Чын эле чиновниктердин баары өздөрү ээлик кылган мүлктөрүн көрсөттүбү? Толук эмес маалыматтары такталса, жоопкерчиликке тартылабы? Азыр ушул сыяктуу суроолордун жооптору качан болору кызыктырып турат...
Бүгүн Маалымат жана басма сөз күнү. Бул күн Кыргыз мамлекетинде 25 жылдан бери белгиленип келет. Мындан 94 жыл мурун ушул күнү алгачкы кыргыз тилиндеги “Эркин Тоо” гезити - азыркы “Кыргыз Туусу” жарык көргөн. 1993-жылы өкмөттүн токтому менен 7-ноябрь маалымат жана басма сөз күнү деп жарыяланган.
Сөз эркиндиги – демократиянын башкы атрибуту болуп эсептелет. Кыргыз өлкөсүнүн тарыхына көз чаптырсак, журналисттерди өлтүрүп, сабап, коркутуп же чоң көлөмдөгү айып пул салган учурлар дагы болгон.
SUPER.KG порталынын Күнсоболуна экс-депутат Чолпон Жакупова башында жаңы бийлик элдин көбүрөөк колдоосуна жана туруктуулукка муктаж болгондо жалпыга маалымдоо каражаттары менен мамиле түзүүгө аракеттене турганын айтты. "Бирок кийин президенттер ар кызматка өз адамдарын дайындап, бийлигин бекемдеген соң сөз эркиндигине кысым башталат", - дейт Жакупова. Ал эми журналист Нарын Айып мурунку президенттердин ичинен сөз эркиндигине карата болуп көрбөгөндөй катуу кысым Курманбек Бакиевдин тушунда болгонун билдирди. Журналист Үсөн Касыбеков бардык президенттердин тушунда сөз эркиндигине карата кысым болуп келген деген пикирде. Дагы бир журналист Султан Каназаров болсо кете турган бийликтин чыдамы азайып, сөздү көтөрө албай калат деп белгиледи.
Демократиялык баалуулуктарды туу туткан өлкөдө сөз эркиндиги эч кандай талкуусуз болушу керек. Сөз эркиндиги бар мамлекетте диктатуралык башкаруу орнобой, бийликтин бардык бутактарындагы ачык-айкындуулук сакталары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кыргыз мамлекетинин эгемендик тарыхы көрсөткөндөй, Акаевдин, Бакиевдин бийликтен куулушуна башкы себептердин бири сөз эркиндигине кысым көрсөтүү болгон. Дал ушул тарыхта калган эки чоң окуянын өзү кыргыз элинин сөз эркиндигин бааларын, ага карата кысым көрсөтүү кийин кандай кесепеттерге алып келерин жана ал бийлик үчүн да бир эмес, эки жолу сабак болгонун көрсөткөн.