Экс-президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы 100 миллион 118 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн.
Ал эми анын чыгашасынын эсеби 77 миллион сомду түзгөн. Экс-президент аянты 6,4 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесине, 2,7 гектар жер тилкесине курулуп жаткан 116 чарчы метр имаратка ээ. Атамбаевдин бардык кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү уулу Сейитбек Атамбаевге катталган. Экс-президенттин жакындары 2017-жылы 738 миң 331 сом киреше тапкан.
Атамбаевдин 2016-жылдагы тапшырган декларациясына ылайык, анын бир жылдык кирешеси 1 миллион 246 сомду түзгөн. Ал эми чыгашасынын эсеби 8 миллион 385 сомго жеткен.