"Декларацияда толук эмес маалыматтар аныкталса, материалдар прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет" дейт Теңизбек Абжапаров

Мамлекеттик салык кызматы 1-июлдан баштап мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин декларацияларын текшерүү боюнча кампанияны баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда маалымат жыйында аталган кызматтын төрагасы Теңизбек Абжапаров билдирди.

Анын айтымында, декларацияда такталбаган же толук эмес маалыматтар аныкталса юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилет. "Октябрь айынан тарта аталган кызмат саясий, жогорку администрациялык муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын кирешелери, чыгымдары жана мүлктөрү тууралуу жыйынтык расмий сайтка жарыяланып баштайт", - деди Абжапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан