Сооронбай Жээнбеков, Дастанбек Жумабеков, Мухаммедкалый Абылгазиевдин декларациясын сунуштайбыз

Сооронбай ЖээнбековУчурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылы президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынан да көп киреше тапкан. Аталган маалыматты Салык кызматы жарыялаган декларациялардан көрүүгө болот.

Президент Сооронбай Жээнбеков өз декларациясында 2017-жылы 890 миң 994 сомдук киреше таап, чыгаша тартпаганын көрсөткөн. Андан сырткары, 160 чарчы метрлик үйгө, 60 чарчы метрлик дачага жана 61,45 чарчы метрге барабар болгон айыл чарба багытындагы 4 жер тилкесине ээ экендигин белгилеген. Өлкө башчынын кыймылдуу мүлктөрүнүн арасынан автоунааны көрүүгө болбойт, бирок МТЗ-80 үлгүсүндөгү тракторго ээ экени жазылган.

Ал эми Жээнбековдун жакын туугандары былтыр 3,7 миллион сомдук киреше таап, чыгашасы болгон эмес. Ошондой эле алар 64 чарчы метрлик батирге, 20,6 чарчы метрлик жер тилкесине ээ. Лексус 470 үлгүсүндөгү автоунаасы да бар.

Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 21-августуна чейин премьер-министр болуп иштеп, 24-ноябрдан тарта президенттик кызматка расмий түрдө киришкен.

Дастанбек ЖумабековЖогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков 2017-жылы 769 миң 781 сом киреше тапкан. Ал декларациясында 59,5 чарчы метрлик батирге ээ экенин көрсөткөн.

Ал жакын туугандарынын кирешесин жана мүлкү тууралуу маалыматты көрсөткөн эмес.

Дастанбек Жумабеков 2017-жылдын 25-октябрына чейин Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп келип, кийин төрага катары да эмгектене баштаган.

Мухаммедкалый АбылгазиевЖылдык кирешеси жагынан учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент менен Жогорку Кеңештин төрагасынан да ашып өттү. Анын 2017-жылдагы кирешеси 2 миллион 367 миң 986 сомго барабар. Андан сырткары 1 миллион 850 миң сомго бааланган жылкы, 640 миң сомго бааланган ири мүйүздүү жандыкка жана 1 миллион 676 миң сомго бааланган майда жандыкка ээлик кылган.

Ал эми Абылгазиевдин жакын туугандары 278,5 чарчы метрлик үйгө ээлик кылары көрсөтүлгөн.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2017-жылдын 22-августуна чейин биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. 22-августтан 25-августка чейин премьер-министрдин милдетин аткарган. Августтун аягы, сентябрдын башында президенттин кеңешчиси болуп, 12-сентябрдан тарта президенттик аппараттын биринчи орун басары болуп иштеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Iridiym95
2018-11-07 11:45:12
Жеенбеков шайлоодогу чыгашасы неге эсепке кирбейт?
0
Tolkun555
2018-11-07 11:48:58
Iridiym95,Шайлоого Атамбаев чыгаша кылган
0
bond02
2018-11-07 11:46:33
Жеке трактор.
+1
Nursbaike
2018-11-07 11:50:37
Аа жакшы
0
islan_85
2018-11-07 12:12:00
Жээнбековдун жеке трактору бар экен да
+2
jugorsk
2018-11-07 12:18:39
Бул бир чекесида кантип ушуларда машына болбосун.Ар биринде тайота ленд крузер бардыр биронун атына катталган
+3
Dembele84
2018-11-07 13:07:59
Норма эле,беш колун оозуна тыкпай,бийлигим бар деп эле апсыга бербей,кичинеден жесе жесин,бирок эл учун иштеп,экономиканы которуп берсе да копчулук калк ыраазы болмок.Атамбаевге окшоп кылган ишинин дайыны жок,олкону карызга,коррупцияга батыргандан коро...
0
Gulnyr19
2018-11-07 14:33:11
Абылгазиев туурасыны жазган окшойтта
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан