Урматтуу сериал сүйүүчүлөр, мындан ары сиздерге хит болуп жаткан сериалдар тууралуу айтып берип турабыз. Ошондой эле жакын арада көрсөтүлө турган сериалдар жөнүндө маалыматты да бөлүшөбүз.
Сүйүүдөн күйүүнү баяндаган “Үчүнчү сүйкүм”
Жактыруу, таарынуу, табышуу, урушуу, биригүү, ажырашуу... Кыз-жигит мамилесинде мындай көрүнүш кадыресе көрүнүштөй туюлат. Дал ушундай сезимдерди “Үчүнчү сүйкүм” (“The third charm”) аттуу романтикалык комедия ачып берет. Анда 12 жылга созулган баш каармандардын аруу махабаты баяндалат. Жеке жашоосунда да, жумушунда да тартипти сүйгөн жигит менен махабатка кадам таштап алып, кийин ойлонгон бийкечти бир караганда түгөй болуп кетери күмөн жаратат. Бирок экөөнүн мүнөзүндөгү карама-каршылыктар аларды бири-бирине магниттей тартып турат.
Баш каармандардын ролун белгилүү корей актёру Со Каң Жун менен корей актрисасы Эсом аткарган. 25 жаштагы Со Каң Жун буга чейин тартылган “Капкандагы сыр” сериалы аркылуу таанымал. Ал эми 28 жаштагы Эсом “Ак рождество” сериалы менен атактуу болуп чыга келип, 2017-жылы чыккан “Бул жашоо биз үчүн биринчи” деген сериалындагы ролу да мактоого арзыган. 16 бөлүктөн турган “Үчүнчү сүйкүм” Түштүк Кореяда ушул аптанын соңунда жыйынтыкталат.
“Убакыт токтоп калганда” сериалынын баш каарманы убакытты токтотот
Аталган сериалда баш каармандыкты белгилүү актёр Ким Хён Жуң алган. Ал узак жана жалгыз өмүр сүргөн, жашы белгисиз жана сырдуу адамдын образын чагылдырат. “Убакыт токтоп калганда” (“When time stopped”) сериалында баш каармандын жашоосу бир аял менен жолугушуусунан кийин орун алган өзгөрүүлөр менен көрөрманды өзүнө тартат. Баш каармандагы аялдын ролун актриса Ан Жи Хён аткарган.
Ким Хён Жуң “Мыкты жигиттер” сериалындагы ролу аркылуу бүтүндөй дүйнөгө таанылганы маалым. Аталган сериал анын акыркы 4 жылдагы биринчи долбоору болуп саналат. 16 бөлүктөн турган “Убакыт токтоп калганда” сериалынын тең жарымы эфирден кетти, учурда көрөрмандар калганын чыдамсыздык менен күтүп көрүшүүдө.
Жылдын саргара күткөн сериалы – “Бойфренд”
Корей сериалынын сүйүүчүлөрү азыркы тапта 28-ноябрды аңдып отурган кези. Себеби ушул күнү белгилүү актриса Соң Хе Кйо менен белгилүү актёр Пак Бо Гом тартылган “Бойфренд” сериалы көрсөтүлүп баштайт. Сериалда саясатчынын кызы бай адамга турмушка чыгууга мажбур болуп, кийин ажырашып, андан ары жашоонун ар бир ирмеминен ырахат алып жашаган катардагы жигитке жолугуп калуусу тууралуу болот.
Соң Хе Кйо акыркы ирет 2016-жылы “Күндүн мураскерлери” сериалына тартылып, өткөн жылы анда чогуу ойногон актёр Сон Чжун Киге турмушка чыккан. Ал эми Пак Бо Гом “1988ге кайтуу” жана “Ай нурундагы махабат” сериалдары аркылуу таанымал.