Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кылмыш иши объективдүү каралат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов билдирди.
Башкы прокурор комитет жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, бул окуя боюнча учурда эмне болуп жатканына токтолду.
"Мен бул окуя болгондон кийин Баткен облусуна барып келгем. Окуя кандай болгону, эмне болгону баары иликтенип чыккан. Маркумдун жансыз денеси табылган жерге чейин барып, өз көзүм менен көрүп келгем. Учурда бул кылмыш иши боюнча соттук териштирүүлөр улантылууда. Бул кылмыш иши объективдүү каралат деп ойлойм", - деди Жамшитов.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак:
Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун киши колдуу болуп каза болгон жансыз денеси өткөн жылдын 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен шаарындагы Таңги-Өтөк участкасында табылган. Кылмыш иши козголуп, шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.