Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан жаран ачкачылык жарыялады

Бүгүн, 13-августта Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө айыпталып жаткан Мелис Калыковдун иши Ош шаардык сотунда каралмак. Бирок шектүү 8 күндөн бери ачкачылык жарыялагандыктан абалы начар болуп соттук отурум болбой калды. Бул тууралуу айыпталуучунун бир тууганы Дарийка Калыкова кабарлады.

"Иним ишти карап жаткан Ош шаардык сотунун судьясын алмаштырууну талап кылууда. Ал буга чейинки соттук отурумдарда дагы ушундай талабын койгон. 5-августта болгон сотто иним судьяга ишенбестик көрсөткөн. Бирок анын өтүнүчү канааттандырылган эмес. Ошондон бери иним ачкачылык жарыялап баштаган. Бүгүн, 13-августта соттук отурумга инимди милиция кызматкерлери эптеп алып келишти. Мелистин алы куруп, сүйлөгөнгө чамасы жетпей калыптыр. Буга байланыштуу соттук отурум токтотулду. Анын үстүнө жеке жактоочуларыбыз дагы келген эмес", - деди Калыкова.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Облустук милициядан билдиришкендей, прокурор Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 2018-жылдын 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Т.Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган.

29-ноябрда маалымат жыйыны өтүп, анда Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгынын башчысы кылмышка шектелип кармалган М.Калыков маркумду баш сөөккө атып өлтүргөнүн маалымдаган. Ал эми ИИМдин тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов маркум менен шектүү М.Калыковдун мушташып жатканын көргөндөр бар экенин билдирген.

Белгилүү болгондой, киши колдуу каза болгон Анарбай Мамажакыпов 1975-жылы Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган. Маркумдун артында 4 баласы калды. 2018-жылдын май айынан тартып Баткен облустук прокурору болуп иштеп жаткан. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болгон. Анын сөөгү 2018-жылдын 19-ноябрында Чоң-Алай районундагы туулуп-өскөн Чак айылында жерге берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан