Баткен облустук прокурорунун өлүмүнө шектүү окуядан 10 күн мурун прокурордун өзүнө кат жазган

Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков окуядан 10 күн мурун прокурордун дарегине кат жазган. Бүгүн, 24-декабрда Калыковдун бир тууган эжеси Дариха Калыкова ал катты SUPER.KG'нин дарегине жиберип, анда эмнелер тууралуу сөз болгонун айтып берди.

Анын маалыматына караганда, Калыков 2018-жылдын 6-ноябрында Мамажакыповго жазган катында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы бөлүмү облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан салынган курулуштарды негизсиз эле текшерип жатканын жазган. Аталган бөлүм курулуш тармагы боюнча Абдылда Олоков аттуу жеке адисти жалдаганын айтып, алардын текшерүүгө алуусуна юридикалык баа берүүнү өтүнгөн.

"Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы бөлүмү Олоковдун катышуусунда Баткен районундагы үч жана Баткен шаарындагы бир мектептин курулушун облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын макулдугу жок эле текшерүү жүргүзүп, курулуш материалдары ишти аткарган компания жана башкармалык тарабынан кымбат баада бааланганын көрсөткөн. Бул факты боюнча облустук прокуратурага кылмыш ишин козгоо өтүнүчү берилип, бирок прокуратура андан баш тарткан. Ага карабай кайрадан эле текшерүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Мындан улам иним Калыков Мамажакыповго кат жазып, "менин уруксатым жок эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы бөлүмү Олоковдун катышуусунда 2015-жылдан бери курулушу бүтүп пайдаланууга берилген объектилерди тынымсыз текшерүүдө. Ошондуктан алардын үстүнөн юридикалык баа берүү өтүнүчү менен сизге кайрылам" деп кат жолдогон экен. Бирок Мамажакыпов тарабынан кандай жооп болгону азырынча белгисиз. Инимдин тынчсызданганы мамлекеттик органдар эмес, жеке адам текшерип, мамлекеттин ишине кийлигишип жатканы болгон. Ансыз деле Эсептөө палатасы башкармалыктын 2017-жылдагы ишин текшерип чыгып, мыйзам бузуулар жок экенин аныктаган экен", - деди Калыкова.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун киши колдуу каза болгон жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Баткен шаарындагы Танги-Өтөк участкасынан табылган. Шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып, камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bakyt1799
2018-12-24 19:57:57
Прокуратура бул катка кандай жооп берээр экен. СМИге чыкты прокурорское реагирование болот болду бекен ?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан