Бишкектин мурдагы мэри Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы 21-ноябрда Жогорку Сотто каралды. Ишти караган соттук жамааттын чечими менен анын камакта калуусу өзгөрүүсүз калтырылганын SUPER.KG'ге жактоочусу Сергей Слесарев кабарлады.
"Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтү канааттандыруусуз калтырып, райондук жана шаардык соттун чечимин күчүндө калтырып койду. Ага ылайык, Ибраимов 28-декабрга чейин камакта болот", - деди Слесарев.
Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы буга чейин 24-октябрда Биринчи Май райондук соту тарабынан каралып, камакта калуусу 2 айга узартылган. Жактоочу Слесарев сот чечимине макул болбой шаардык сотко кайрылган. Шаардык сот анын арызын 3-ноябрда карап, канааттандырган эмес.
Окуянын чоо жайы:
28-майда УКМК тарабынан “Дастан” ишканасын Албек Ибраимов жетектеп турган учурдагы сатып алуулар боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. 23-июлда Албек Ибраимовго карата УКМК тарабынан Бишкек шаарындагы жер тилкелерге байланыштуу коррупция боюнча жаңы айып угузулган. Экс-мэр ушул күнгө чейин УКМКнын тергөө абагында кармалууда.