Бүгүн, 15-августта Жогорку Соттун алдына Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун тарапташтары митингге чыгышты. Ага 70ге жакын адам катышууда.
Алардын катарында Ибраимовдун апасы Бүбажан Аалиева да бар. Ал баласы ак экенин айтууда.
"Балам ак эле иштеп келген, айылдагыларга жардам берчү. Үйгө чыгарып деле сурак кыла берсе болбойт беле. Чындык жокпу? Менин балам сынбайт эч качан", - деди Ибраимовдун апасы.
Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
Бүгүн Жогорку Сот Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды.