Бүгүн, 20-июлда Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимовдун жакын туугандары жана жердештери чогулду. Анда Ибраимовду коргоо комитети түзүлдү. Мындай маалыматты бүгүн SUPER.KG порталына Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациянын башчысы Алтынбек Намазалиев билдирди.
Намазалиев кайрылуу укуктук талаанын чегинде жүргүзүлүшү керектигин айтып, айыл тургундарынын кайрылууларын тиешелүү жактарга жеткирип берүү милдетин моюнуна алганын билдирди.
"Чогулушка айыл аксакалдары, тургундар жана кадыр-барктуу адамдар келди. Жалпысынан 50гө жакын адам чогулду. Алар өзүнүн кулуну болгон үчүн мурдагы мэрди колдой турганын айтышып, Албек Ибраимовду коргоо комитетин түзүштү. Мен чогулуштагыларга баары мыйзам чегинде жасалышы керектигин айттым. Ошондой эле жыйын учурунда Албек Ибраимовду кармоо учурунда айылдык балдардын сабалганы тууралуу да айтылды. Эгер сабалган адамдар арыз менен кайрылса, тиешелүү органдар териштирүү иштерин жүргүзүшөт", - деди Аламүдүн районунун акими.
Эске салсак, Албек Ибраимовго "Дастан" ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 19-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынын кармалган.
13-июлда Бишкек шаардык кеңештин депутаттары Ибраимовго ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алып, токтомду премьер-министрге жөнөтүшкөн. Премьер-министр тийиштүү токтомго 19-майда кол койгон.