Саясий серепчи Бакыт Бакетаев: "Президент менен болгон мындай жолугушууларда экс-премьер, экс-спикерлер өздөрү кетирген каталарды айтып берүүсү керек"

Кечээ, 20-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана экс-премьер-министрлер менен жолуккан. Анда 13 экс-спикер, 9 мурунку премьер-министр катышкан. Алар өздөрүнүн сунуштарын жана пикирлерин айтышкан.

SUPER.KG порталынын "Жолугушуудан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна саясий серепчи Бакыт Бакетаев жооп берди.

Ал президент Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолукканы өлкөдө болуп жаткан жакшы жышаан экенин айтты.

"Президент Сооронбай Жээнбековдун Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары жана өлкөнүн экс-премьер-министрлери менен жолукканы - өлкөдө болуп жаткан жакшы жышаан. Анткени ар кандай катмардагы саясий лидерлер менен жолукту. Алардын арасында кылмыш иши козголуп, абакта отуруп чыккандар дагы бар. Менин жеке пикиримде, мурдагы өкмөт башчылардын тажрыйбасын колдонуп мамлекеттин, элдин шартын жакшыртууга сунуштарын алышы керек. Президент оппозиция менен жолукпайт деп айтышчу, мына жолукту. Ошондуктан биздин оппозициялар президентке кандайдыр бир деңгээлде туура багыт көрсөткөнгө укуктары бар. Бирок бийликке аралашпашы керек. Буга Сооронбай Жээнбеков деле жол бербейт. Мурдагы өкмөттү жетектеп кеткен ишмерлер экономикага жана бизнес тармагын өстүрүүгө берген сунуштарын Жээнбеков сөзсүз колдонот деп ишенем. Президент менен жолукканы барганда өз учурларындагы оң жана терс иштерин айтып берип, ушул ишти жасап жатып ката кетиргем, бул жерден сиз ката кетирбеңиз деп эң биринчи каталарын айтып беришсе жакшы жыйынтык берет. Жээнбеков алардын сунушун угуп, өзү тандайт. Бирок мындай жолугушууда алар чын дили менен өздөрү кетирген каталарды айтып берүүсү керек", - деди Бакетаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев, экс-депутат Жылдызкан Жолдошова, юрист Нурбек Токтакунов, жарандык активисттер Тимур Саралаев, Өндүрүш Токтонасыров, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин жообу бул шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан