"Ош базарынын" "Берекет" соода борборундагы күркөлөрү күйүп кеткен соодагерлер базардын жетекчилери менен жолугушту. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин районунун акими Нурдин Тынаев маалымат берди.
Тынаевдин айтымында, бүгүн, 24-ноябрда аталган жайда соода кылып, күркөлөрү күйүп кеткен жүздөй соодагер топтолгон. Алар декабрь айында курулушу аяктай турган имараттан орундар кандай бөлүнөрүн, ким кайсы орунга жайгаштырыларын тактоо максатында базардын администрация жетекчилиги менен жолугушкан.
Апрель айында чыккан өрттөн кийин соодагерлер Кулиев көчөсүндө убактылуу соодасын жүргүзүп жатышкан. Алар базар жетекчилиги ошол жерди бошотууга аракет кылып жатышканын билдиришкен. Анын ордуна унаа токтотуучу жай болот деген кептер тарап, соодагерлер азыр иштеп жаткан орундарынан ажырап калуудан чочулашкан.
"Соодагерлердин топтолгону - митинг эмес, алар базар жетекчилиги менен жолугушуп, алдыдагы пландар боюнча сүйлөшүштү. Абал көзөмөлдө. Ооба, буга чейин учурда соодагерлер иштеп жаткан жерге унаалар токтотулчу. Бирок имараттын курулушу аяктап, өрттөн жабыр тарткандар жайгаштырылмайынча алардын ал жерде соода кылуусуна тоскоолдуктар болбойт.
Жалпысынан 308 соодагердин күркөсү күйүп, жабырлануучу деп катталган. 4 кабаттуу, астында унаа токтотуучу жайы менен курулуп жаткан заманбап имараттын курулуш иштери бүткөндөн кийин алар дароо жайгаштырылат. Ошол эле учурда базарда мыйзамсыз, атайын бир орун албай иштеген соодагерлер бар. Ошол соодагерлер да имараттын ичиндеги орундарга ээ болуу үчүн ар кандай кеп таратышы мүмкүн", - деди Тынаев.
Айта кетсек, ушул жылы "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы катталды. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айынын бешинде ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өттөнгөн. Ал эми 3-жолу - 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.