ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: Бүгүн кыргыз тилдүү сайттардын сап башында турган SUPER.KG порталынын туулган күнү

SUPER.KG порталы 13 жашта! Сиздин ишенимдүү маалымат-маанайшат портал 2005-жылы 28-ноябрда каттоодон өткөн. Бул жөн эле дата эмес, келечеги кең, ийгиликтүү порталга айланып, окурмандарга жагымдуу кабар, музыка, кызыктуу тасмаларды тартуулоочу булактын башталышы. 13 жылда кыргыз тилдүү сайттардын сап башына чыга алган портал азыркы учурда күнү-түнү окурмандардын кызыкчылыгы үчүн иштеп келет.

SUPER.KG порталынын 10 жылдыгы эстрада ырчыларынын катышуусунда жогорку деңгээлде өткөн. Концерттен көрүнүш.

2006-жылы 28-мартта SUPER.KG порталы иштеп баштады. Алгач анда "Супер-Инфо" гезитинин электрондук версиясы жайгаштырылчу. Чет жерде жашап, окуп, гезит сатып ала албаган Кыргыз жарандарына бул көктөн издегени жерден табылгандай болгон.

SUPER.KG чет өлкөдө жүргөн мекендештердин ынтымагын бекемдегенге көпүрө боло алды. Порталдын колдонуучулары бул жерден дос таап, үй-бүлөлүк турмушка аттангандар да болду. Суперстандыктар майрам сайын жолугушуу өткөрүп келишет.
Ошол жылдын 29-декабрында сайтта "Суперстан" иштей баштаган. Кыргыз тилиндеги форум жаштардын ой бөлүшүүсүн шарттап, чет жерде жашаган Кыргыз жарандарынын өз ара алакасын камсыздады.

Сергек жашоого үндөгөн SUPER.KG порталынын Оштогу форумчулары Бишкектеги “суперстандыктарга” футболдук мелдеш өткөрүшкөн.
Эки жылдан кийин "Медиа-портал" ишке кирген. Ошол эле жылы "Супер ТВ" бөлүмү иштеп баштаган.

“Супер ТВ” бөлүмү маданият жана шоу-бизнес, тагдыр, коомдо болуп жаткан саясий окуяларды чагылдыруу менен таасирдүү күчкө айлана алды. Алсак, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып каарманыбыз Айзада Кожобергенова коомчулукка SUPER.KG порталынын көмөгү менен чыгып, ага жардам колун сунган кайрымдуу адамдар үйлүү болушуна жардам беришкен.
Андан соң портал "Элдик видео" жана "Жылнаама" менен толукталды.

Маалыматтын казаны кайнап, күч алган кезде 2012-жылы 24-октябрда "Соңку кабар" бөлүмү ишке кирип, алгачкы кабар жазылды. Бул бөлүмгө Кыргыз жеринде жана чет жерде катталган актуалдуу, кызыктуу жаңылыктар жайгаштырылат. Журналисттерибиз өнөр ээлери менен спортчулар, коомдогу жана саясий чөйрөдөгү актуалдуу окуялар, кылмыш-кырсыктар тууралуу жаңылыктарды жазып, сунушташат.

2014-жылы 2-майда портал "Кинозал" бөлүмүн ишке киргизип, кино сүйүүчүлөрүнүн күнү тууду. Жарык көргөн кыргыз тасмалар порталга жүктөлүп, колдонуучулар үй кинотеатрына ээ болгондой эле болушту. Бул бөлүм үй кожойкелеринин, кары-жаштын ынак досуна айланды.

Өз убагында кинотеатрга, концерттерге барууга мүмкүнчүлүгүңүз болбой калдыбы? Кейибеңиз, Кинозал бөлүмүнөн соңку 20 жыл ичинде тартылган кыргыз тасмаларын, сериал жана концерттеринин топтомдорун таба аласыз. Ал эми чет жерде жашап-иштеген мекендештерибиз үчүн бул кыргыз жыттанган бөлүм сагынычты таратууга жардам берет.
2014-жыл. 2-декабрь. Портал бир учурда сайтка киргендердин саны боюнча жеке рекордун жаңылап, 15 мүнөт ичинде сайтка 35 710 колдонуучу баш бакты.

2017-жылдын 31-августунда порталдын мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, Play Market'ке киргизилген. Бир жыл убакыт аралыгында SUPER.KG'нин бул тиркемесин 50 миңден ашуун колдонуучу көчүрүп, ыңгайлуу шартта маалыматтар менен таанышууда.
Бүгүнкү күндө SUPER.KG порталында катталгандардын саны 2014-жылы 40 миңден ашса, бүгүнкү күндө 80 миңге жакын. Бир айда сайтыбызга 32 миллиондон ашуун кароо болот.

Өнүгүү жолундагы порталдын ишке кириши, ийгиликтери, 13 жыл аралыгындагы урунттуу учурлары тууралуу шилтемеден окуй аласыздар.

28-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Kgda
2018-11-28 14:16:25
Супер инфо Туулган кунунор менен куттуктайбыз.
0
futboler
2018-11-28 14:31:32
Куттуктайбыз.
Саясатты азыраак жазгылачы, баарыбыз саясатчы болуп бүттүк
+1
Alinur
2018-11-28 14:43:22
Куттуктайбыз!
+1
dastan.bujun
2018-11-28 15:02:10
Куттуктаймын.Бирок элдин ишенимин олтургонсунор.
-1
Nurlanbiek.safarov
2018-11-28 15:47:11
Супер инфо туулган кунунор менен куттуктайм
+1
aidinaernur
2018-11-28 15:57:56
Куттуктайбыз
0
Soni130587
2018-11-28 16:03:54
Супер инфо туулган кунун менен.
-1
karakozum
2018-11-28 16:30:15
SUPER.KG жамааты туулган кунунор менен. Менин суйуктуу сайтым))
Ал эми урматту комент жазгандар Супер инфо бул газета, SUPER.KG болсо сайт, экоонун айрымасын 13 жылдан бери билбейсинерби)))))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан