Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча соттук отурум Свердлов райондук сотунда өтүүдө. Отурумда судья үч томдук тергөө ишин окуп бүттү.
Ал эми айыпталуучу Марс Бөдөшовдун жактоочусу бычакты көрүүнү жана Сосновка постундагы видеону көрүүгө кызыкты.
"Алгач бычактын узундугу 30 сантиметр деп берилген. Азыр болсо тергөө ишинде 12 сантиметр деп жазылыптыр. Биз кайсы бычакка ишенебиз. Деги бычак кайдан чыкты? Унаада жок болуп жатса, РИИБде жок болуп жатса баары күмөн санаган Марстын байпагына салып келингени жок болсо анда ал кайдан чыкты?" - деди ал.
Ал эми жабырлануучунун жактоочусу бул өтүнүчтү четке какты. Мамлекеттик айыптоочулар да бул сунушка макул болушту. Жыйынтыгында судья бул өтүнүчтү канааттандырган жок.
Бирок айыпталуучунун жактоочусу бул ишти тергеген тергөөчүнү чакырууну суранды. "Менде шек саноо болуп жатат. Себеби бычактын канча сантиметр болгону боюнча эки айырма чыгууда. Тергөөчү бычактын узундугу канча сантиметр экенин, бычакка экспертиза жүргүзүлгөнүн айтып берсин", - деди.
Ошондой эле Марс Бөдөшовдун жактоочусу сотко айыпталуучуга психологиялык экспертиза кылуу өтүнүчүн келтирди. "Марстын ошол убактагы абалын аныкташ керек. Себеби РИИБде бирөө жарым сөгүнүп өтүп кетсе, балким, жини келип кеткендир. Ушуну аныкташ керек", - деди жактоочу. Бул өтүнүчтү дагы судья канааттандырган жок.
Соттук отурум 10-декабрда саат 10:00дө уланмакчы. Анда эки тарап жарыш сөзгө чыгат.
Окуянын чоо-жайы:
Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган.
Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшовэкендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.