Милициянын бөлмөсүндө бычакталып каза болгон кыздын сөөгү жерге берилди

Милиция бөлүмүндө бычакталып каза болгон маркум Бурулай Турдали кызынын сөөгү жерге берилди. Бул боюнча кыздын атасы Турдали Кожоналиев билдирди.

"Кызымды бүгүн саат 11:00дө жерге бердик. Жашоодон эч нерсе көрбөгөн кызым ушинтип кете берди. Бүгүн анын денесин майрам сууга алып жатып көкүрөгүнө Н+Б жана икс белгисин бычак менен жазып койгон жазууну көрдүк. "Н" деген тамга бул кызыма куда түшүп кеткен баланын атынын баш тамгасы. Мынчалык мыкаачылык менен өлтүргөнчө милициялар кайда жүрдү?" - деди маркумдун атасы.

Эске салсак, 27-майда 29 жаштагы жигиттин кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча Биринчи Май РИИБине кабар келип түшкөн. Мындан көп узабай Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушуп, 29 жаштагы жигиттин 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында ала качып бара жатканын аныктап, Жайыл РИИБине жеткиришкен. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Ал эми жигиттин кесиптештери анын ичимдик ичпеген, ишине так бала экенин билдиришкен. Анын абалы оор экенин Жайыл райондук ооруканасынын башкы дарыгери айткан.
Бул окуя боюнча Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон.



Жигит ала качып бараткан кызын милиция бөлүмүндө бычактап өлтүргөн
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Kumarchik
2018-05-29 14:37:23
милиция да жооп беришсин неге экоону бир болмого киргизет неге кармаганда баланы текшербейт куралы жокбу барбы силердин шалаакылыгынардан жаш кыз кете берди
+17
bond02
2018-05-29 14:54:35
бул жерде милиция да куноолу, алып келип эле киргизе бергидей ИИБ эмне эс алуучу жай беле, текшериш керек болчу да, оз милдетин, ишин билбегендер го.
+13
Nurkan94
2018-05-29 14:56:04
Муроктой кыз экен эле, Кудайым оо дуйносунон берсин ылайым.
+10
Djal1987
2018-05-29 14:57:31
Бычак менен ойношкон жаштар. Бычактын да жаны бар. Бычакты кынынан жон эле чыгарба деп угуп калгам.
+4
uli1234
2018-05-29 15:10:37
Милициялар кунолуда кантип карашпайт бычагын текшербейби
+3
yrmat88
2018-05-29 15:20:10
Кичинекей эле кыз экен.
+4
Okunboim.
2018-05-29 15:32:32
3 жыл суйлошушкон болсо, алар бири-бирин жакшы коргон . Ата-энесинде да куноо бар, ал балага бербейбиз деп башкага кудалап койгон.
+6
Nuri1988Elim2010
2018-05-29 15:45:26
Жайы жанаттан болсун.АТА энесине сабыр.Куноолуулор оз жазасын алат.бул жашоодо болбосода,акыретте жооп беришет.
Окурмандар ар кимди куноолой бербениздер
+1
bring.me.to.life
2018-05-29 15:59:07
Кыз чын эле ушул бала менен кыз жигит болуп жургон окшойт.Анан аталары башкага сойко салдырып койгон дагы,кыз менен жигит суйлошуп ала качты кылышкан.Бирок тилекке каршы кыздын атасы коруп калып артынан тутушкан.Просто атасы да айыптуу болуп калбаш учун айтпай жатат.Кызын бактысын ойлобой эми мынтип кайгырып олтурат.Жаткан жери жайлуу болсун.Козго суйкумдуу татынакай кыз экен эле.
+2
Chungyz
2018-05-29 16:33:23
Орозодо озу алып качса болобу
-2
Chungyz
2018-05-29 16:43:09
Милиция атасынан тосмо арыз алат ошону менен жабылат иш
+2
AIZAD
2018-05-29 17:07:23
Жанына бычак салып жургон бала экен, коллегалары жакшы демиш этип атышат. Бекеринен каршы болбоду го ата эне.
+6
jany-jer
2018-05-30 01:01:18
AIZAD туура айтат, жакшы адам киши өлтүрбөйт. Бирөөдүн чырактай кызын.
+5
Kirajsjk
2018-05-30 02:47:54
кайдагы суйуу,суйсо мындайга барбайт еле.Токтолуп еле калган бала екен.ээх емне дейбиз жааннаттан болсун жайы.аман болсун кыргызым.Ансыз деле азбыз.
0
progresskg
2018-05-30 15:33:26
милиция коргой албайт адамдарды. Соттор болсо акчага бошотуп жиберет бандиттерди. Менттер менен соттор бул бандиттерден кем калбаган ОПГшниктер озулору.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан