Кечээ, 12-февралда Бишкек шаардык соту айыпталуучу Марс Бөдөшовдун апелляциялык арызын карады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-февралда айыпталуучунун агасы Жолдош Бөдөшов билдирди.
Анын айтымында, сотко Бурулай Турдали кызынын курбусу чакырылган, бирок ал келген жок.
"Шаардык сот инимдин ишин карап баштады. Кечээ Акмат Сейитов суралды. Соттук отурумга күбө катары Бурулай Турдали кызынын курбусу чакырылган, бирок ал келген жок. Кийинки отурум 27-февралга жылдырылды", - деди Бөдөшов.
Эске салсак, 12-декабрда Свердлов райондук соту айыпталуучулар Марс Бөдөшовду 20 жылга, ал эми Акмат Сейитовду 7 жылга эркинен ажыраткан.
Окуянын чоо-жайы:
2018-жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бараткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилип, кыз алган жаракатынан улам көз жумган.
Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.