Бурулайдын өлүмүнө шектүү Марс Бөдөшовду өмүр бою эркинен ажыратуу суралды

Милиция бөлүмүндө бычакталган Бурулай Турдали кызынын өлүмү боюнча Свердлов райондук сотунда бүгүн, 10-декабрда соттук отурум уланууда.

Соттук процессте жарыш сөз сүйлөнүүдө.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочунун Марс Бөдөшовдун иши боюнча 23 жыл жаза чектөөсүн судьядан суранган. Ал эми жабырлануучулардын жактоочулары бул жаза аз болуп калгандыгын айтып, айыпталуучу Марс Бөдөшовду өмүр бою эркинен ажыратууну суранды.

Жактоочулар Марс Бөдөшов сот залында күнөөнү моюнга албай койгондугун жана жалпы сот залында отурган жакындарынан кечирим сурабай койгондугун баса белгиледи.

Ал эми маркум Бурулайдын атасы Турдали Кожоналиев дагы Марс Бөдөшовду өмүр бою эркинен ажыратууну суранды. "Мен кызымдын көкүрөгүнө жазылган жазуунун чындыгына жете алган жокмун" деди ал.

Ал эми учурда айыпталуучу тараптын жактоочусуна жарыш сөз берилди.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nanei
2018-12-10 11:54:02
Кудай мындайды эчкимдин башына салбасын. Ото жаман иш болуп кетти!
+10
Batma08
2018-12-10 12:01:53
не дештида билбейм. кудай озу адилетту кунолууну озун жазалап. куноосу жокту озун сакта
+13
Nursbaike
2018-12-10 13:07:03
Марс эркектин ишин кылбай атат эсимде жок деп эркекче айтпайбы ушундай болгон деп камалыштан коркуп турат . Э Аллах озун бер жазасын 10 эсе болуп кайтсын Ким кунолуу болсо
+4
Flowhive
2018-12-10 15:47:15
Ачуу жаман
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан