Бүгүн, 18-октябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда милиция бөлүмүндө бычакталып өлтүрүлгөн Бурулай Турдали кызынын окуясы боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.
Кезектеги күбө Жайыл РИИБинде автоматчик кызматында иштеген Мирлан Макеев суралды.
"Түнкү саат 12ге жакын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер унаа менен келишти. Мен эшикти ачсам Марс Бөдөшов, Бурулай Турдали кызы, алардын досу жана жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн эки кызматкер турган экен. Ал учурда кызды жарандарды кабыл алуу бөлмөсүнө киргизип кетишти. Менин негизги милдетим сырттан келген адамдарды нөөмөт бөлүмүнө жеткирип берүү жана кайра сырттагы өз ордума кайтуу.
Ошол күнү ичкериде ызы-чуу болгонунан кирсем, эшикти талкалап жатышыптыр. Кирип карасак эки адам жерде кан болуп жаткан экен", - деген көрсөтмө берди.
Сурак берип жатып Мирлан Макеев ошол күнү айыпталуучу Марс Бөдөшов кызга жолугуп алайын деп суранганда уруксат бербей койгонун айтты. Жабырлануучу тараптын жактоочусу делодогу бир учурга токтолуп, Макеев тергөө учурунда "уруксат бергем" деп айткан деди. Ал тергөө менен сурак учурундагы дал келбестикти белгиледи.
Окуянын чоо-жайына кайрылсак: Ушул жылдын 27-май күнү Бишкек шаарында жигит кызды ала качып бара жаткандыгы боюнча милицияга маалымат түшкөн. Көп узабай жигит менен кыз бара жаткан унаа Сосновка айылындагы посттон токтотулуп, Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.
Милиция бөлүмүндө жигит кызга, андан соң өзүнө бычак сайып, оор абалда экөө тең ооруканага жеткирилген. Кыз алган жаракатынан улам көз жумган. Каза болгон кыз 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы, ал эми жигит 29 жаштагы Марс Бөдөшов экендиги анык болгон. Бурулай Турдали кызы борбор шаардагы медициналык окуу жайлардын биринде окуй тургандыгын жана ушул жылдын август айында Марс Бөдөшовго эмес, башка жигитке турмушка чыгууга даярданып жатканын жакындары айтып беришкен.
4-июнда Бурулайдын өлүмү боюнча 23 милиция кызматкерине чара көрүлүп, анын катарында Чүй ОИИББинин башчысы Нурлан Сарчаев кызматтан алынган. Жайыл райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) боюнча Жайыл РИИБинин кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Милиция кызматкерлерине карата козголгон кылмыш иши дагы Жайыл райондук сотунан облустук сотко өткөрүлүп берилген.