Баткен облустук прокурорунун өлүмү боюнча маалыматта буга чейин айтылбай жаткан ишкердин аты аталды

Маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов, шектүү М. Калыков менен бирге аңчылыкка чыккандардын арасында Эрнис Базарбек уулу деген ишкер да болгон. ИИМдин Тергөө тобунун башчысынын орун басары Нурлан Утемисов анын аты-жөнү биринчи маалыматтарда айтылбай калганын, тергөө учурунда ал дагы суракка алынганын айтты.

"Спирт ичимдигин чыгарган "Столичный" деген заводдун Баткен облусу боюнча филиалы бар экен. Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы биринчи маалымат таратканда аталган филиалдын Эрнис Базарбек уулу деген жетекчиси да алар менен бирге аңчылыкка чыкканын айтпай кеткен экен.

Ал дагы тергөөдө суралып, кыймыл аракеттери аныкталды. Бирок тергөө амалдары учурунда ал да суралды. Ал прокурорлорго арак алып барып берип, кызмат көрсөткөн экен", - деди Утемисов.

Баткен облусунун прокурору Мамажакыповдун Лексус 470 үлгүсүндөгү унаасы 17-ноябрь күнү кечинде Баткен шаарынын Турмаматов көчөсүнөн табылып, унаанын сыртында канга окшогон тактар бар экендиги билинген. Издөө иштеринин натыйжасында анын жансыз денеси 18-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы Танги-Өтөк участкасы жактан табылган. Шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Мелис Калыков кармалып камакка алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aikaaaa
2018-11-29 22:35:33
Бул жерде сүрөткө тартып жаткан жетинчи киши бар да
+1
arno2008
2018-11-29 23:10:54
Баарын камаш керек болчу,калганы кайда?О
+1
TalaCSKA
2018-11-30 00:04:16
Тергоо так болуш учун мыйзамды беш колдой билген прокурорлорду да убактылуу камап туруш керек эле эркиндикте журуп балким тергоону бурмалап жатышкандыр.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан