Социалдык түйүндөгү жеке баракчасына жүктөгөн "чуулуу" сүрөт, видеолору менен белгилүү болгон казакстандык блоггер Айжан Байзакова көз жарды. Бул туурасында ал өзүнүн жеке баракчасына жазып чыкты.
Маалым болгондой, Байзакова 1-декабрь күнү төрөгөн.
"Достор бүгүн (ред.1-декабрь) биздин биринчи жолугушуу, мен бир көрүп сүйүп калууга ишенем", - деп жазган Байзакова.
Популярдуу блоггерди инстаграм баракчасында "эне" болушу менен куттуктагандардын саны 16 миңге чукулдаган.
Буга чейин Байзакова кош бойлуулуктун 7 айында экенин айтып, бирок наристенин атасы ким экендигин айтпай турганын билдирген.
Ошондой эле Айжан Байзакова Бишкектеги түнкү клубдардын биринде кыздарга жылаңачтанып бийлөө боюнча сынак уюштуруп, сынактын жеңүүчүсүнө 200 доллар акча убадалаган. Анын бул ишин жергиликтүү тартип сакчылары текшерип чыгып, коомдук жайда этика нормаларын сактабагандыгын аныкташкан. Жыйынтыгында ал 3 суткага камакка алынган. Ал эми эс алуучу жай жабылган.