Дарыгерлер жашап кетерине 30 пайыз гана кепилдик берип жаткан Мээргүл Анарбек кызы бүгүн мекенине кайтып келет

Дарыгерлер жашап кетерине 30 пайыз гана кепилдик берип, боорун алмаштыруу үчүн Индияга учуп кеткен Мээргүл Анарбек кызы мекенине кайтып келет. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда SUPER.KG порталына "Ак ниет - Аманат" коомдук кайрымдуулук фондунун жетекчиси Медер Сапарбаев билдирди.

Маалыматка караганда, бейтап бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 12:00дө Индиядан учуп, Алматы шаары аркылуу Кыргыз өлкөсүнө келет.

"Артта көптөгөн кыйынчылыктар калды. Мындан ары да мекендешибиздин тагдырына кайдыгер карабай жардам берип турабыз", - деди Сапарбаев.

Буга чейин Мээргүлдун апасы Шаангүл Таштанбекова коомчулукка кайрылып кайдыгер эмес адамдардан жардам сураган. Кайрымдуу адамдар акча каражатын топтоп берип, Индияга бооруна операция жасатуу үчүн учуп кеткен. Операция 13 саатка созулуп, андан ийгиликтүү чыккан Мээргүл 1 ай аралыгында дарыгерлердин көзөмөлүндө Индияда болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KG.Kushtarbek
2018-12-04 12:28:44
Кудайым оорусун берсе шыпаасында кошуп берет. Кудай буйурса жакшы болуп кетесин
+25
Shaa-82
2018-12-04 13:05:12
Кудайга шугур, омуру узун болсун!
+10
asanaliev.s
2018-12-04 13:05:24
Аллахка шугур мындан кийинки жашоон бактылуулук менен отсун. Ооруба эч качан.Жардам берген мекендеш бир боорлорубузга Аллах раазы болсун.
+11
ekaterinburg
2018-12-04 13:07:00
Жакшы кабар.Азыркы абалы кандай болду экен?
+4
naida81
2018-12-04 15:30:05
Аллахым шыпаасын тууралап жатат да, мындан ары да жакшы болуп кетсин, эми деле реаблитацияга коп акча кетет болуш керек, контрольныйга барышат дегендей, камкор кыргыз элим бар болсун, дагы деле жардам берип туралы
+5
-FREEDOM-
2018-12-04 21:49:02
Оорубасынчы балдар!
+5
Benazir08
2018-12-05 03:22:15
Дагы деле кыргыз элим жардамыбызды аябайлы ииий ооругандар жокко эсе болсунчу ылайым. Аттай болуп айыгып кетсин. Сбербанк карта бар бекен тууган уругунда которуп коелу?
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан