Аким: "Ош базарында" акыркы өрт кырсыгынан жабыркагандарга ар тараптуу жардам көрсөтүлөт"

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрт кырсыгынан жабыркагандарга келтирилген чыгымдын суммасы 2 аптадан кийин белгилүү болот. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Бишкек шаарынын Ленин районунун акими Нурдин Тынаев билдирди.

Белгилүү болгондой, базардын ичинде акыркы 2 күндөн бери өрттүн калдыктарын тазалоо иштери жүрүүдө.

"Учурда өрт кырсыгынан жабыркаган 40ка жакын адамдын келишимдерин жана башка тиешелүү документтерин текшерүү иш-аракеттери жүрүүдө. Өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо максатында жеринде атайын түзүлгөн эксперттик топ иш алып барууда. Болжол менен 2 апта ичинде соодагерлерге келтирилген чыгымдар аныкталып, өрттүн келип чыгуу себеби да белгилүү болот. Алардын жыйынтыгына ылайык, соодагерлерге ар тараптуу жардам көрсөтүү пландалууда. Анда акимиат менен шаардык мэрия биргелешип жабырлануучуларга материалдык жардам, насыя алууда тиешелүү жардамдарды көрсөтүү жана башка жеңилдиктер каралган", - дейт Тынаев.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

"Ош базарында" 4-декабрга караган түнү чыккан өрттөн 40ка жакын соодагердин соода орду толугу менен күйүп кеткен. Аймактык тескөөчү окуядан бир күн мурун базар жабык болгонун жана ширетүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирген.

Жыл башынан бери аталган базарда төртүнчү жолу өрт кырсыгы катталууда. Буга чейин "Ош базарында" 3 жолу өрт кырсыгы болгон. Биринчи жолу 30-январда эртең менен базардын борбордук бөлүгүнө кире бериш жериндеги Киев-Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги павильондон чыккан. Андан кийин март айында ошол эле жер, "Сейтек" соода борбору өрттөнгөн. 13-апрелде базардагы "Берекет" соода түйүнүндө өрт чыгып, бир нече соодагерлер миллиондогон чыгымга учурашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан