Астротөлгө: 10-декабрь күнү төрөлгөн адамдар чечкиндүү, эмгекчил болушат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

10-декабрь күнү төрөлгөн адамдар жашоодо активдүү болушат. Алар абдан эмгекчил болгондуктан кандай жумуш болсо да жанын аябай иштешет. Алдына койгон максатына жете билүүгө дайыма тырышып, кыйынчылыктын баарын жеңе алышат. Ошондой эле булар өзүнө ишенимдүү, тың, чечкиндүү болушат. Бардык көйгөйлөрдү башкалар менен кеңешип отурбай, өзү каалагандай чечим чыгарат.

Бул күнү төрөлгөн адамдардын кээ бирөө эле үйдө отуруп калбаса, көпчүлүгү кызмат адамдары болушат. Алар ачык-айрым, бардык жактан активдүү болгондуктан адамдар менен оңой тил табышып, кандай чөйрө болсо да иштеп кете алышат. Ошондой эле чечкиндүү болгондуктан көпкө ойлонбой туруп чечим чыгарууну жактырышат. Карьерасын бат эле өнүктүрүп, ийгиликтерди багынта алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан