14-августта төрөлгөндөр идеяга бай, алдыга койгон максатына жетүүгө умтулган адамдар болушат. Бул күнү төрөлгөн арстандар өзүнүн ийгилик жарата аларына ишенишет. Алар адамдар менен ар тараптуу пикир алышууну жактырышат. Ошондой эле булар эмоционалдуу жана сезгич адамдар болушат.
Жеке мамиледе назик, сүйүктүү өнөктөш боло алышат. Бирок алардын романтикалык мамиле түзүүсү, ошону менен бирге мамилесинин аяктоосу да тез болот. Булар арстан, кой жана жаачы жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар менен мыкты өнөктөш боло алышат. Ал эми букачар жана чаян жылдызынын алдында төрөлгөн адамдар менен эч качан мамиле түзө алышпайт.
Бул күнү жарыкка келген адамдар ак көңүл, шайыр жана жигердүү болушат. Ошондой эле булардын бардык иштерди аткарууга акылы жана мүмкүнчүлүктөрү кенен. Алар тырышчаак жана демилгечи болушат. Ошондуктан бир ишти баштаса, албетте, тырышчаактыгы менен аягына чыга билет.