Астротөлгө: 8-апрель күнү төрөлгөн адамдар тапкыч болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

8-апрель күнү төрөлгөн адамдар бирөөгө көз каранды болууну жактырбаган, өзүнө ишенген, тапкыч болушат. Ошол эле учурда ачык-айрым, шайыр болушкандыктан адамдар менен оңой тил табышып, коомчулукка тез эле аралашып кетишет. Бул күнү төрөлгөн адамдар боорукер, камкор болушат. Эгерде дос-тааныштарынан же жакын адамдарынын арасынан бирөө-жарым жардамга муктаж болуп калса, колунан келишинче жардам берүүгө аракет кылышат.

Ал эми жеке мамиледе кандай өнөктөш боло алат десеңиз, сүйүү бул күнү жарыкка келген адамдар үчүн оюнчук эмес. Ошондуктан өнөктөшүнө берилүү менен мамиле кылып, ишенимдүү түгөй болууга болгон аракетин жумшайт. Эмоциясын ичине катып, сүйүктүүсүнө ар дайым жакшы мамиле кылууга далалат жасашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан