
Бул күнү төрөлгөндөрдү универсал деп атап койсо болот. Себеби алар кайда болбосун, ким менен болбосун оңой тил табышып кете алат. Алар бардык чөйрөдө өздөрүн эркин сезип, кесип тандоодо да кыйналып отурбайт. Энергиялуулук, чечкиндүүлүк жана тапкычтык касиетин текеберлик менен айкалыштыра алышат.
Дос-курдаш тандоодо алгач тактап, иликтеп чыгат. Ар бир баскан кадамын ойлонуп басып, мыйзамдын чегинен чыкпайт. Бул жаатында жакындарына так, таза жүрүм-туруму менен үлгү боло алат. Ошентсе да алар таарынчаак жана кежир болушат. Уюштуруучулук жөндөмгө ээ болуп, маанилүү иш-чараларды уюштурууну өз колуна алат.
Сүйүү мамилесинде назик жана эмоциялуу келишет. Түгөй тандоодо сырткы сулуулукка биринчилерден болуп маани берип, туруксуз экенин билдирип коёт. Туруксуздук сапат алардын алсыздыгы болуп саналат.