Астротөлгө: 13-декабрь күнү төрөлгөндөр камкор жана ишенимдүү болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

13-декабрь күнү төрөлгөндөр камкор жана ишенимдүү болушат. Алар жакындарынын ортосунда пикир-келишпестиктер жаралса калыстык менен чындык кайсы тарапта болсо ошол жакка жан тарта билишет.

Ошондой эле булар алдына койгон максатына жетүү үчүн жасап жаткан ишинин майын чыгарышат.

Бул күнү жарыкка келген адамдар түрдүү тармактарда эмгектенип, аны менен катар ийгилик жарата алгандардын катарын толуктайт. Иштеген ишинен баар таап, кесиптештеринин арасында кадыр-барк топтой алышат.

Жеке мамиледе сүйүктүүсүнө камкор, ишенимдүү өнөктөш болууга аракет кылат. Жөн эле бирөө менен убакыт өткөрүп, көңүл ачуу алардын принциптерине кирбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан