Астротөлгө: 5-май күнү төрөлгөндөр чыныгы мотиватор болушат

5-майда төрөлгөндөр - эркиндикти сүйгөн, жаңылык жарата билген инсандар. Башкаларга жашоо сабактарын үйрөткөндү, кеңеш бергенди жактырган мотиватор болушат. Алардын берген кеңеши чынында жакшы бурулуштарды жасоого жардам берет. Бирок башкалар анын жашоосуна кызыгып, кийгилишкенин сүйө бербейт.

Бул күнү төрөлгөндөр алдыга умтулган, эртеңки жашоосун бүгүн курган идеалисттер. Өжөр, бет алган ишинен артка кайтпайт. Баса, өжөрлүгүнүн айынан кетирген катасын моюнуна алгысы келе беришпейт.

Жылдыздар 5 санынын алдында жарык дүйнөгө келгендерге сынга сынбай, анча-мынча ийгиликсиз учурларга көз жумуп коюусун эскертет. Анткени ийгиликке жетип, бактылуу болуш үчүн сырткы таасирлерге көңүл бурбай жашоо керек. Ошондой эле сабырдуу болуу да сунушталат.

Жакын адамдарынан көп нерсени талап кылып, оюн бетке айтат. Андыктан алардын көңүлүн оорутуп алышы ыктымал. Мындан улам 5-майда төрөлгөндөр айланасындагы адамдарга жумшак мамиле жасап, алардын акыбалын түшүнүп, майда жетишкендик жасаса да алкоого алганы туура болот. Өз балдарына катуу талапты коюп, алардын каалоосун сындырып алуудан абай болууну жылдыздар сунушташат.

Бул күнү жарык дүйнөгө келгендер билимдүү болуп, өзгөчө идеяларын жөн эле бөлүшө бербеген инсандар. Алар креативдүү идеяларын акчага сунуштайт. Баса алсыз, жалкоо адамдар менен 5-майда төрөлгөн букачарлардын жылдызы келишпейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан