Жозе Моуриньо "Манчестер Юнайтеддин" башкы машыктыруучулугунан кетти
Англиялык "Манчестер Юнайтед" клубунун башкы машыктыруучусу Жозе Моуриньо кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган клуб социалдык тармактагы расмий барагына жазып чыкты.
Маалыматка караганда, учурда клуб жаңы башкы машыктыруучу издөөдө.
"Манчестер Юнайтедге" башкы машыктыруучу катары аткарган жумушу үчүн Моуринього ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле алдыдагы иштерине ийгиликтерди каалайбыз", - деп жазылат маалыматта.
55 жаштагы Моуриньо 2016-жылдан бери аталган клубдун башкы машыктыруучусу катары иштеп келген.