Бүгүн футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Иордания менен беттешет

Бүгүн, 20-декабрда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Азия Кубогуна даярдануу максатында Иордания курамасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы 7-декабрдан тарта Катардын Доха шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүп жатат. Анын алкагында курама команданын 3 жолдоштук беттеши пландалган. Бүгүн Кыргыз улуттук курама командасы Иордания менен беттешсе, 25-декабрда Катар курамасы менен, ал эми 31-декабрда Палестина курама командасы менен беттешет.

Эки тараптын келишими боюнча бүгүнкү беттеш жабык түрдө өтөт.

Азия Кубогу 2019-жылы 5-январь-1-февраль аралыгында Бириккен Араб Эмираттарында өтөт. Анда тайпалык баскычта Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Корея, Кытай жана Филиппин курамалары менен кездешет.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Muslim_KGstana.
2018-12-20 12:30:48
Ушулар менен беттеше берип чарчап калбадынарбы Улуттук курам?
+2
sher.93.kg
2018-12-21 00:27:35
1-0го уттук .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан