Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Кытайдан жеңилүү ызасын тарткандан кийин учурда машыгууларын өткөрүп, алдыдагы Түштүк Кореяга каршы беттешке даярданууда. Даярдануу боюнча Улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестининге суроолор менен кайрылганда төмөнкү жоопторду уктук.
Түштүк Корея менен оюнда курамдын кайсы бөлүгүндө алмашууларды күтсөк болот?
- Азырынча Түштүк Корея менен каршы беттеште чыга турган курам боюнча эч нерсе айта албайм. Алдыда бизди дагы 2 машыгуу күтүп жатат. Ошол машыгуулардын жана оюнчуларыбыздын абалын билгенден кийин бардыгы чечилет.
Антон Землянухин Корея менен беттешке алгачкы мүнөттөн чыгууга даярбы?
- Жок. Землянухин 90 мүнөттүк беттешке чыгууга даяр эмес.
Белгилүү болгондой, ысык өлкөлөр кыргыз оюнчуларына терс таасирин берет. Бул боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыңар?
- Ысык кыргыз футболчуларына гана эмес, бардык оюнчуларга терс таасирин тийгизип жатат. Белгилеп айта кетсем, Кыргыз-Кытай беттешинен кийин биздин оючулар эмес, Кытайдын футболчулары калтырап жатып калышты. Учурда бардык командалар бирдей шартта күч сынашып жатат жана биз бул мелдешке даярбыз. Бул жакта эч кандай маселе жаралган жок.
Кыргыз футболчулары Кытайга каршы беттештен кийин калыбына келиштиби?
- Ооба, бардык футболчулар калыбына келип калышты. Аягына чейин калыбына келүүгө дагы убакыт бар.
Белгилүү болгондой, Кыргыз улуттук курама командасы 7-январда футбол боюнча Азия Кубогунун алкагындагы алгачкы беттеште Кытай курамасы менен беттешип, жеңилүү ызасын тартып калган. Эми кыргыз футболчулары 11-январда Түштүк Кореяга каршы беттеш өткөрөт.