Азия Кубогунда футбол боюнча Кыргыз курама командасы Түштүк Корея курамасына 0:1 эсебинде жеңилип калды

Азия Кубогунда кечээ, 11-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасы Түштүк Кореяга жеңилип калды. Беттеш Бириккен Араб Эмираттарынын Аль-Айн шаарында орун алып, ага Катар мамлекетинен келген адис Хаммис Мухаммед Аль-Марри башкы калыс болду.

Футбол боюнча Кыргыз курама командасында - дарбазачы Кутман Кадырбеков, коргоочулар - Валерий Кичин (капитан), Тамирлан Козубаев, Даниэл Тэго, жарым коргоочулар - Азиз Сыдыков, Эдгар Бернхард, Бекжан Сагынбаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Фархат Мусабеков, Ахлидин Исраилов, Мирлан Мурзаев ойношту.
Жалпысынан алганда, беттеште кыргыз спортчулары жакшы оюн көрсөтүшүп, өз күйөрмандарынын келечекке болгон ишенимин жаратты. Оюндун 41-мүнөтүндө кореялык футболчулар Кыргыз курама командасынын дарбазасына гол киргизип, эсепти 1:0 кылды. Оюндун 2-бөлүгүндө кызуу беттеш жүрүп, бирок атаандаштар гол киргизе алышкан жок. Анткени менен бир нече жолу 2 тарапка тең кооптуу абалдар жаралып жатты.
Беттешти стадиондо 4 миң 893 көрүүчү көрдү. Чынында бул беттеш эки команда үчүн тең оор болду. Кыргыз футболчулары жеңилип калганы менен, мыкты болду деп айтсак болот. Белгилей кетсек, Түштүк Корея курамасы Азия Кубогунун жана Дүйнө чемпиондугунун бир нече жолку катышуучусу болсо, Кыргыз курама командасы алгачкы жолу Азия Кубогунда катышууда.
Беттештин хронологиясы бул шилтемеде, ал эми фоторепортажды бул жактан көрсөңүз болот.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Tolkun555
2019-01-12 11:15:31
Кийинкисинде женебиз кудай кааласа
+3
baisogur
2019-01-12 11:27:34
Жакшы жыйынтык
+3
aza84
2019-01-12 12:44:26
Эмнеге Байматов жок
-3
Kristianuronaldu
2019-01-12 12:51:45
Филипинди женсек кийинки етапка отобуз
0
Modric10
2019-01-12 13:24:10
Kristianuronaldu,ото албайт
-1
Maks_shop
2019-01-12 14:52:44
Modric10,отот
0
trabzon11
2019-01-12 18:41:38
Modric10,женсек отобуз
0
sher.93.kg
2019-01-12 13:02:20
азакен травма
-2
Modric10
2019-01-12 13:26:54
Тренердин катачылыгы Антонду салбаганы. Антон менен тренерде конфликт болду деп ойлойм. Антон 90мунотко жарабайт деген созу катуу тийди да.
0
Yryss0001
2019-01-12 13:45:44
Modric10,антондун травмасы бар ошол учун 90
Мунот жарабайт дедида
-1
Muratmipa
2019-01-13 01:38:06
Modric10,тренердин эмес катасы судянын катасы пеналти бербей койду
0
volk27
2019-01-12 14:53:57
Оюн өтө кызыктуу болду эркекче оюн көрсөтүштү Кытайды утканда жакшы болот эле
+1
souza.j
2019-01-12 14:58:52
Жакшы ойношту балдар азаматтар. вратарга беш. Красавчик
+1
Muratmipa
2019-01-12 16:25:18
Бул жерден бир гана судя куноолуу пеналтини бербей койду эки жолу колгон тийип калды ошондо 1.1 болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан